Загрузка документа…
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX отурумунун
Т О К Т О М У
28.05.2026. № 19/9 Жаңы-Турмуш айылы
Айыл өкмөттүн Осоавиахим айылынына электр көмөк чордонун куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн Осоавиахим айылынын Алмалуу участкасына электркөмөк чордонун куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө айылдык кеңештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 7-пунктуна, 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32- жана 35-беренелерине ылайык, Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX заседаниеси токтом кылат:
1. Айыл өкмөттүн Осоавиахим айылынына калкты кубаттуу электр жарыгы менен камсыздоого электр көмөк чордонун куруу үчүн 25 чарчы метр жер аянтын мыйзам талаптарына ылайык аныктоо, бөлүп берүү маселесин кароо айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Бөлүнүп берилген жер тилкесинин багыты: электр көмөк чордон куруу жана пайдалануу деп белгиленсин.
3. Белгиленген жер аянтынын документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук электр тармактар ишканасынан жана Алай райондук архитектура жана шаар курулушу башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык реформа жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Төрөшев