Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 30-апрели № 157
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасында:
– 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 91-пунктча менен толукталсын:
«91) мамлекеттик органдарга МИКтин Башкармасынын чечимдерине ылайык ушул Программанын шарттарында турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү берилет;»;
– 17-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
«11) профилдик мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары МИКтин объекттеринин иштеши үчүн курулган инженердик курулмаларды (анын ичинде отканаларды, трансформатордук подстанцияларды, жергиликтүү тазалоо курулмаларын/септиктерди жана башка тышкы инженердик тармактарды) андан ары эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө максатында баланска токтоосуз жана акысыз кабыл алууну камсыз кылсын;»;
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) турак жай курулушун камтууну оперативдүү көбөйтүү максатында конкурстук жол-жоболорду өткөрбөстөн (түз сүйлөшүүлөр методу менен) МИКтин Директорлор кеңешинин чечими боюнча биргелешкен иш жөнүндө макулдашууларды түзүү жолу аркылуу жеке өнөктөштөр тартылат;»;
4-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
– 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
«5) МИКтин турак жай эмес фондунун объекттеринин наркы МИКтин Директорлор кеңешинин чечими менен белгиленет.»;