Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
24-апрель 2026-жыл №15/1 Асан-Чек айылы
“Мады айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин калдык акчасын
бекитүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылдан жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Мады айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Мырзабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылдан пайдаланылбай калган 6938,5 миң сом жана атайын каражат 365,2 миң сомго бекитилсин.
2. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу, максаттуу жумшалышын камсыздоо жагы Мады айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мады айылдык кеңешинин экономика, финансы, бюджет боюнча депутаттыктуруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.С.Темирбаев