Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
24- апрель 2026-жыл №15/2 Асан-Чек айылы
“Көчөгө ат коюу жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылынын тургуну Кадыров Абдижапардын 2026-жылдын 26-январындагы Өжөр участкасынын 27-көчөсүнө атасы Кадыров Закирдин ысымын коюп берүү жөнүндө жазган арызынын, протоколунун жана Мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын 2026-жылдын16-апрелиндеги отурумунун чечиминин, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп талкуулап токтом кылат:
1. Өжөр участкасынын 27-көчөсүндөгү Бекмуратов Ринаттын үйүнөн баштап Камбаров Жанболоттун үйүнө чейинки ички көчөгө маркум Кадыров Закирдин ысымы ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Өжөр участкасындагы Кадыров Закир атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Кадыров Закирдин балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиясын жүктөлсүн.
Төрага К.С.Темирбаев