Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
24-апрель 2026-жыл №15/3 Асан-Чек айылы
“Көчөгө ат коюу жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн башчысынын 2026-жылдын 09-апрелиндеги чыгыш №81 сандуу билдирүү катынын, Достук көчөсүнүн тургундарынын арызынын, элдик жыйындын протоколунун, мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика, мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 16-апрелиндеги отурумунун чечиминин жана Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп, талкуулап токтом кылат:
1. Каарман айылындагы Достук көчөсүнүн Мирзажанов Марипжандын үйүнөн баштап
Өмүрзаков Захиддин үйүнө чейинки ички көчөгө маркум Маматазизов Мырзанын ысымы ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Достук көчөсүнө Маматазизов Мырза атындагы көчөгө
көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Маматазизов Мырзанын балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Мады айылдык кеңешинин
мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиясын жүктөлсүн.
Төрага К.С.Темирбаев