Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
24- апрель 2026-жыл №15/5 Асан-Чек айылы
“Мады айыл аймагынын Достук, Мады, Социализм айылдарындагы
жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновдун 2026-жылдын 10-апрелиндеги жерлерди которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунуш катынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” №145-мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун талаптарына, Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 10-апрелиндеги отурумунун чечиминин жана айыл өкмөттүн жер адиси А.Базиевдин маалыматын угуп, талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Достук айылындагы №703 контурунда жайгашкан 0,30 га сугат айдоо жер аянтына
бала бакча куруу үчүн, Мады айылындагы №1170 контурунда жайгашкан 0,28 га №11611 контурундагы 0,08 га, №1160 контурунда жайгашкан 0,05 га жер аянтын, Социализм айылындагы №934 контурунда жайгашкан 0,40 га жайыт жер аянтын суу кампа куруу үчүн, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго тиешелүү иш кагаздарын
даярдоого тийиштүү мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин
Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага К.С.Темирбаев