Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
24- апрель 2026-жыл №15/6 Асан-Чек айылы
“Кызыл-Тал айылына бала бакча ачууга макулдук берүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тал айылынын тургуну У.Акматованын жеке менчик үйүнө Шерикбай атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачууга макулдук берүү жөнүндө 2026-жылдын 12-январь жазган арызынын жана Жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 6-февралындагы отурумунун чечиминин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Тал айылында жайгашкан “Шерикбай” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачууга макулдук берилсин.
2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мады айылдык кеңешинин жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага К.С.Темирбаев