Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
“27” январдын 2026-жылдагы №14
“Курама Суу” муниципалдык ишканасына 2 даана “жел маян” (мотоблок) алууга макулдук берүү тууралуу
Курама айыл аймагынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, ичүүчү суу тармагын тейлөө иштерин жакшыртуу максатында, ошондой эле Панфилов райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосунун негизинде Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. “Курама Суу” муниципалдык ишканасына Панфилов райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен 2 (эки) даана жел маян (мотоблок) сатып алууга макулдук берилсин.
2. Сатып алуу иштерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамына ылайык жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.Алынган техниканы белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алуу жана балансында каттоо “Курама Суу” муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| А.К.Джумагулов |