Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
24-апрель 2026-жыл №15/7 Асан-Чек айылы
“Мады айыл аймагынын Чагыр айылында жайгашкан
№130 Шабы Жумаев атындагы орто мектебине ашкана куруу
үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Мады айыл аймагынын Чагыр айылында жайгашкан №130 Шабы Жумаев атындагы орто мектебине ашкана куруу үчүн Ош облустук жана Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашыруу максатында 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуп, талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагынын Чагыр айылында жайгашкан №130 Шабы Жумаев
атындагы орто мектебине ашкана куруу үчүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1000000 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мады айылдык кеңешинин
экономика, финансы, бюджети боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага К.С.Темирбаев