Загрузка документа…
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-марты № 16/1 Жаңы-Арык айылы
Ынтымак айыл аймагынын каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган
иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 3-пунктунун талабына ылайык, адамдын жана жарандын укуктарын, актыларды кабыл алууга тыюу салуу жана “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2026-жылдын 16-мартындагы Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан талап кылынган катын карап чыгып, социалдык маселелер, маданият, жаштар, спорт регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Ынтымак айыл аймагынын каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтү бул жобо Ынтымак айыл аймагынын айылдарында түзүлгөн жумушчу комиссиялары жана айыл башчылары аркылуу жашоочуларга жеткирилсин.
3. “Ынтымак айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын ырым-жырымдарын өткөрүүнү тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” 2025-жылдын 4-апрелиндеги №6/5 токтомунун күчү жокко чыкты деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, маданият жаштар, спорт регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: А. Дунаев