Загрузка документа…
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-марты № 16/2 Жаңы-Арык айылы
Ынтымак айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги 6/1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунда аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык, 2026-жылдын 20-февралындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгы тарабынан келген катын карап чыгып, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1 Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги №6/1 таштандыларды жыйноо үчүн төлөмдүн тарифин бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
1.1 Таштандыларды жыйноо үчүн “төлөмдүн тарифин жеке жактар үчүн ар бир кожолукка жылына 50 (элүү) сом, ал эми юридикалык жактар үчүн жылына 100 (жүз) сом өлчөмүндө жыл сайын 1-апрелине чейин төлөнсүн.
2. Короо жанындагы жана жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы, ар бир чарчы метр үчүн жылына 15 (он беш) сомдон бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Ынтымак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Дунаев