КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк – Ирим айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги XI X сессиясынын
2023-жылдын 3 августу № 5
Көк-Ирим айыл аймагындагы Ак-Талаа участогундагы
«Мергенбай» атындагы каналын Көк-Ирим айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүү жөнүндө
Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси Э.Курманалиевдин “Көк-Ирим айыл аймагындагы Ак-Талаа участогундагы “Мергенбай” атындагы каналын Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүү жөнүндө” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагындагы Ак-Талаа участогундагы “ Мергенбай” атындагы канал СПАнын карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. “Жунушалиев Мергенбай” атындагы каналдын ремонт иштерин жасоо жагы толугу менен СПАнын башчысы С.Каттообековдун жоопкерчилигине коюлсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Секелеӊовко жана Бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк – Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| И.Ашырбеков |