Редакцияот 19.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк – Ирим айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын

 

 

2023-жылдын 19 сентябры № 1

Көк-Ирим жана Атай айыл өкмөттөрүн ирилештирип бириктирүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндөгү” ПЖ №350 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинде болгон кеӊешменин №20-12 сандуу протоколунда көрсөтүлгөн тапшырмалардын негизинде Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын  кезексиз  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ       КЫЛАТ:

 

1. Көк-Ирим айыл өкмөтү Атай айыл өкмөтү менен ирилештирип, бириктиргенге макулдук берсин.

2. Көк-Ирим айыл өкмөтү Атай айыл өкмөтү менен ирилештирип, бириктирилгенден кийин “Атай” айыл өкмөтү деп аталсын.

3. Бириккен “Атай” айыл өкмөтүнүн борбору Арал айылында жайгашсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Көк – Ирим айыл аймагынын

айылдык  Кеӊешинин төрагасы:

 

И.Ашырбеков