Редакцияот 19.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк – Ирим айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын

 

 

2023-жылдын 19-сентябры № 3

Көк-Ирим айыл аймагын органикалык аймак кылуу жөнүндө

 

Көк-Ирим айыл аймагы сырт өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашып, жергиктүү калк, жер шарты жана климатына жараша мал чарбачылык менен алектенген айыл аймакта органикалык айыл чарбасынын жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөчү теналогияларын жайылтуу, айыл жашоочуларына экологиялык таза органикалык заттарды өндүрүүгө шарттарды түзүп, аларды таза азыктар менен камсыз кылуу, өндүрүлгөн азыктарды сатууга өбөлгө түзүү менен айыл аймактын жашоочуларынын экономикалык абалдарын жакшыртуу аркылуу айыл аймакта туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында  Көк-Ирим айылдык Кеңешинин ( V шайланышынын) кезексиз  чакырылган XXI сессиясы

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.Көк-Ирим  айыл аймагы “Көк-Ирим органикалык аймак” болуп түзүлсүн.

2.Органикалык аймакта органикалык айыл чарба техналогияларын жайылтуу биопрепараттарды, этномофагдарды колдонуу, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, кайра иштетүү, таңгактоо, сактоо, сатуу стандарттары жана сертификакаттоо эрежелери боюнча практикалык жардамдарды алуу жана ошондой эле мындан ары органикалык аймактагы чарбалык иштерди жандандыруу үчүн инвестиция тартуу үчүн Көк-Ирим айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин астындагы Органикалык айыл чарба департаментинин “Органикалык аймак” долбооруна кирүү үчүн сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Секелеӊовко  милдеттендирилсин.

 

Көк – Ирим айыл аймагынын

айылдык  Кеӊешинин төрагасы:

 

И.Ашырбеков