Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын
ХV-сессиясынын
2025-жылынын 17-декабры № 6
Базар-Коргон шаарына караштуу жаңы ачылган №54 Акниет мектепке чейинки билим берүү уюмунун орто тобуна 5 бала, улуу тобуна 5 бала жалпысы болуп 10 баланы кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесин, 29-беренесинин 6-пунктун, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 18-июнундагы “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартынын 17-пунктун аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А.А. Раевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, жаштар, спорт, штат бирдиги боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуларына негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарына караштуу жаңы ачылган №54 Акниет мектепке чейинки билим берүү уюмунун орто тобуна 5 бала, улуу тобуна 5 бала жалпысы болуп 10 баланы кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун орто тобуна 5 бала, улуу тобуна 5 бала жалпысы болуп 10 баланы кабыл алгандыгына байланыштуу тамак-аш,көмүр-отун жана инвентарлар менен камсыз кылуу жагы Базар-Коргон шаарынын мэриясына жүктөлсүн
3. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, жаштар, спорт, штат бирдиги боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Ташиевага милдеттендирилсин.
Төрага
|
К.К.Анарбеков |