КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк – Ирим айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын
2023-жылдын 20-ноябры № 7
Көк-Ирим айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексинин 73, 74, 75, 76 беренелерине ылайык, 2024-жылга карата бекитип берүү жөнүндө
“Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексинин 73, 74, 75, 76 беренелерине ылайык талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексинин 73, 74, 75, 76 беренелерине ылайык, киши башына бир эсептик көрсөткүчтөн (100 сомдон) 2024-жылга карата бекитилип берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы кирешелер жана жыйымдар боюнча башкы адис П.Наймановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Секелеӊовко жана Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк – Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| И.Ашырбеков |