Редакцияот 20.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк – Ирим айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын

 

2023-жылдын 20-ноябры № 12

 

Таштанды төгүүчү полигонду куруу жөнүндө

 

             Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Курманалиевдин Көк-Ирим айыл аймагындагы Арал, Бирдик айылдарына жалпы бир  таштандыларды таштоочу полигонду куруу боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын  кезектеги  XXIII  сессиясы

 

ТОКТОМ       КЫЛАТ:

1. Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылынын “Чайка” участогундагы контуру №1353 жерге таштанды таштоочу полигонду курууга 0,50 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Полигонду ачууга керектүү документтерин даярдоо жана тиешелүү мекелерден уруксат алуу жагы жер адис Э.Курманалиевке милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Секелеӊовко тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Көк – Ирим айыл аймагынын

айылдык  Кеӊешинин төрагасы:

 

И.Ашырбеков