Редакцияот 20.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк – Ирим айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын

 

2023-жылдын 20-ноябры № 13

Кирпич жасоочу мини заводун куруу жөнүндө

  

                  Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик айылынын  “Көк-Чөө” участкасына кирпич жасоочу мини заводту куруу үчүн жер адис Э.Курманалиевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги  XXIII   сессиясы

 

ТОКТОМ       КЫЛАТ:

1.Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик айылындагы “Көк-Чөө” участкасындагы , контуру №803 жерден кирпич жасоочу мини заводту куруу үчүн 4,67 га гектар жер аянты бөлүнүп берилсин.

2.Кирпич жасоочу мини заводту курууга керектүү документтерин даярдоо жана тиешелүү мекелерден уруксат алуу жагы жер адис Э.Курманалиевке милдеттендирилсин.

3.Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Секелеӊовко тапшырылсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Көк – Ирим айыл аймагынын

айылдык  Кеӊешинин төрагасы:

 

И.Ашырбеков