Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын
ХV-сессиясынын
2025-жылынын 17-декабры № 8
Базар-Коргон шаарынын Т.Сайдуллаев көчөсүндө жайгашкан шаардык мэриянын муниципалдык менчигиндеги мазардан 1000,0 чарчы метр жер аянтын, Базар-Коргон райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына жаңы имаратын куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун жана 19-беренесин жетекчиликке алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевдин 24.09.2025-жылкы чыгыш №01-28/2835 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1. Базар-Коргон шаарынын Т.Сайдуллаев көчөсүндө жайгашкан шаардык мэриянын муниципалдык менчигиндеги мазардан 1000,0 чарчы метр жер аянтын, Базар-Коргон райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына жаңы имаратын куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Юсуповго милдеттендирилсин.
Төрага
|
К.К.Анарбеков |