Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
“1”апрель 2026-жылдагы №18
Курама айыл аймагы боюнча 2026-2030 жылдарга айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлеринин пайдалануунун “Келечек планын” жана жер комиссиясынын иш регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү жобонун 2-бөлүгүнүн 16-17 пунктарына жана 3-бөлүгүнүн 22-пунктуна ылайык, Курама айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курама айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2030-жылдарга айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлеринин пайдалануунун “Келечек планы” алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Курама айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын иш регламенти бекитилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Курама айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.К.Джумагулов |