Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
“1”апрель 2026-жылдагы № 20
Курама айыл аймагына караштуу социалдык жактан колдоого муктаж жарандарга Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен ижарага берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы №3 “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 Токтомунун “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу” Жобонун 2-бөлүмүнүн 14-пунктуна ылайык, Курама айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курама айыл аймагына караштуу Панфилов айылынын тургуну Адигинеев Данияр Уланбековичке Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин Келечек пландын жер-пландоо аймактарына ылайык № 12-контурунан 9 га сугат жери 5 жылдык мөөнөтгө ижарага берилсин.
2. Курама айыл аймагына караштуу Панфилов айылынын тургуну Есеналиев Марлис Орунбековичке Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин Келечек пландын жер-пландоо аймактарына ылайык № 12-контурунан 9 га сугат жери 5 жылдык мөөнөтгө ижарага берилсин.
3. Жер участогунун ижара акысы 1 гектар үчүн жылына 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
4. Курама айыл өкмөтүнө жарандар менен келишимди түзүү, тиешелүү документтерди даярдоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү камсыз кылуу милдеттендирилсин.
5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Курама айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.К.Джумагулов |