Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
“1”апрель 2026-жылдагы № 21
Курама айыл аймагындагы айылдарга балдар аянтчаларын жана воркаут аянтчаларын куруу жөнүндө
Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаеванын маалыматы угулуп жана талкууланып, Курама айыл аймагындагы айылдарда балдар аянтчаларын жана воркаут (спорттук машыгуу) аянтчаларын куруу боюнча долбоордун жалпы баасы Чүй өнүктүрүү фондуна сунуштоо үчүн 7 500 000 (жети миллион беш жүз миң) сомду түзөрү, анын ичинен Курама айыл өкмөтүнүн 750 000 (жети жүз элүү миң) сом өлчөмүндө өздүк салым кошуусу зарыл экендиги белгиленди.
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси” мыйзамынын 51,78-беренелерине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34,39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” Жобого ылайык Курама айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курама айыл аймагына караштуу 6 айылга 6 балдар аянтчасын жана воркаут (спорттук машыгуу) аянтчаларын курууга жергиликтүү бюджеттен 750 000 сом (жети жүз элүү миң) өздүк салым каражаты бөлүнсүн.
2. Курама айыл аймагына караштуу 6 айылга 6 балдар аянтчасын жана воркаут (спорттук машыгуу) аянтчаларын куруу долбоору боюнча материалдар Чүй облусттук фондунун финансылык бөлүмүнө жиберилсин.
3. Балдар жана воркаут спорт аянтчаларын куруу үчүн жер тилкелерин аныктоо жана тиешелүү документтерди даярдоо Курама айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Курама айылдык кеңешинин туруктуу бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.К.Джумагулов |