Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
“1”апрель 2026-жылдагы № 22
Курама айыл аймагындагы калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын төлөө жана отчёт берүү мөөнөттөрүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34,39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы №90 “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси” Мыйзамынын 74-беренесине жана 76-беренесинин 3-пунктусуна ылайык Курама айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курама айыл аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу жыйымды төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин деп белгиленсин.
2. 1-апрелден кийин катталган жеке жана юридикалык жактар үчүн жыйымды төлөө жана отчёт тапшыруу мөөнөтү катталган айдан кийинки айдын 20 сынан кечиктирбестен белгиленсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Курама айылдык кеңешинин туруктуу бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.К.Джумагулов |