Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-майындагы № 346 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун комплекстүү системасынын методикасы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Методика төмөнкүлөрдүн ишинин натыйжалуулугун баалоо тартибин белгилейт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын;
2) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын.
2. Иштин натыйжалуулугун баалоо принциптери:
1) иштин натыйжаларын мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдүн чектелген топтому;
2) иш процесстери эмес, бөлүп көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр боюнча иштин натыйжаларын баалоо;
3) салыштырылуучу натыйжаларды салыштыруу мүмкүндүгүн камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан расмий жарыялануучу маалыматтарды пайдалануу.
3. Иштин төмөнкүдөй төрт негизги аспектин талдоонун негизинде баалоо жүргүзүлөт:
1) ушул Методиканын 1-3-таблицаларында каралган административдик-аймактык түзүлүштөрдү өнүктүрүүнүн акыркы натыйжаларын мүнөздөөчү негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр, анын ичинде экономикалык өсүштүн жана социалдык чөйрөнүн көрсөткүчтөрү;
2) ушул Методиканын 1-3-таблицаларында каралган башкаруучулук чечимдерди, мамлекеттик жана региондук программаларды ишке ашыруу, ошондой эле тапшырмаларды аткаруу аркылуу мамлекеттик башкаруу органдары динамикасына түздөн-түз же олуттуу таасир тийгизүүчү башкаруучулук салымды чагылдырган негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр;
3) администрациялоонун сапаты, анын ичинде аткаруучулук тартип, жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн натыйжалуулугу жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлүүчү "Калктын ишеним индекси" (мындан ары - КИИ) көрсөткүчүнүн маанилерин алуу үчүн калкты сурамжылоонун жыйынтыктары.
2-глава. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун көрсөткүчтөрү
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун көрсөткүчтөрү ушул Методиканын 1-3-таблицаларында берилген.
1-таблица
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишин баалоо үчүн көрсөткүчтөр жана алардын балл менен чагылдырылуучу маанилери
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Булак | Өлчөө бирдиги | Салыштырмалуу салмагы | Балл |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1. Экономика жана социалдык чөйрө (акыркы натыйжалар) | 50 | ||||
1 | Өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси | УСК | % | 0,1 |
|
2 | Негизги капиталга инвестициялардын өсүү темпи | УСК | % | 0,1 |
|
3 | Чекене соода жүгүртүүнүн, анын ичинде бардык сатуу каналдары боюнча тамак-аш ишканаларынын жүгүртүүсүнүн өсүү темпи | УСК | % | 0,06 |
|
4 | Тышкы жана өз ара сооданын товар жүгүртүүсүнүн өсүү темпи | УСК | % | 0,1 |
|
5 | Жергиликтүү бюджеттин кирешесинин өсүү темпи | ФМ | % | 0,1 |
|
6 | Номиналдык эмгек акынын өсүү темпи(3) | УСК | % | 0,06 |
|
7 | Ишке орноштурулган жумушсуз жарандардын саны | ЭСКММ | Саны | 0,06 |
|
8 | Ичүүчү суу булактарына жеткиликтүү болгон калктын үлүшү | ЖМА | % | 0,06 |
|
9 | Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй- бүлөлөрдүн үлүшү | ЭСКММ | % | 0,06 |
|
10 | Мектептердин мугалимдер менен камсыз болуу деңгээли | Агартуумин | % | 0,06 |
|
11 | Мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу | Агартуумин | % | 0,06 |
|
12 | Врачтардын персоналы менен камсыз болуу деңгээли | ССМ | % | 0,06 |
|
13 | Жайыттардын жалпы аянтына карата деградацияланган жайыттардын үлүшү | САЧКӨМ | % | 0,04 |
|
14 | 23 кВт ашык кубаттуулуктагы ишке киргизилген тез кубаттоочу электр станцияларынын саны | ЖМА | Саны | 0,04 |
|
15 | Асфальт төшөлгөн жергиликтүү маанидеги жолдордун үлүшү | ТКМ | % | 0,04 |
|
2. Башкаруучулук салым | 20 | ||||
16 | "Комплекстүү пландоо" АМС алкагында иштелип чыккан районду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын болушу | ЭКМ | Саны | 0,05 |
|
17 | Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү | ЖМА | % | 0,1 |
|
18 | Түзүлгөн жумуш орундарынын санынын өсүшү | УСК | Өткөн жылга карата % менен | 0,1 |
|
19 | Ишке ашырылган инвестициялык долбоорлордун санынын көбөйүшү | ЖМА | Бирдик | 0,1 |
|
20 | Салыктык түшүүлөр боюнча пландалган көрсөткүчтөргө жетишүү | МСК | % | 0,15 |
|
21 | Региондорду өнүктүрүү фонддорунун бекитилген бюджетинен өздөштүрүлгөн каражаттардын үлүшү. Ишке ашырылган долбоорлордун саны | ЭКМ | % | 0,1 |
|
22 | Айыл аймактарынын жалпы санынан дотациядагы айыл аймактарынын үлүшү | ФМ | % | 0,15 |
|
23 | Капиталдык салымдарды өздөштүрүү деңгээли | ФМ | % | 0,1 |
|
24 | Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу теңдөө трансферттеринин деңгээлинин төмөндөшү | ФМ | % | 0,1 |
|
25 | Бюджеттик мекемелердин күз-кыш мезгилине даярдыгы(1) | ЭМ караштуу ЭКК, ЖРЭТКМ караштуу ЭТКК | % | 0,05 |
|
3. Башкаруу сапаты | 10 | ||||
26 | Жогору турган башкаруу органдарынын аткарылган тапшырмаларынын жана чечимдеринин үлүшү, а. и.: - Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын аткаруу; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмаларын аткаруу | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | % | 0,4 |
|
27 | Жарандардын кайрылууларын өз убагында жана толук кароо | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | % | 0,3 |
|
28 | "Санарип аймак" АМСте калктын саны боюнча маалыматтарды толтуруу жана актуалдаштыруу даражасы | МКЖБМА | % | 0,2 |
|
29 | Кесиптик деңгээлин жогорулаткан кызматкерлердин үлүшү | ЖМА | % | 0,1 |
|
4. Калктын ишеним индекси | 20 | ||||
30 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишине калктын мамилеси | УСК, СДУИ | % | 1 |
|
Максималдуу баа |
| 100 | |||