Редакцияот 05.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 5-марты № 249-VIII

 

"2025-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (Пандемиялардын алдын алуу, даярдык жана ага каршы чара көрүү трасттык фондунун администратору катары чыгуучу) ортосундагы "Борбордук Азияда пандемиялардын алдын алуу, азык-түлүк тутумдарынын туруктуулугун жана экотутумдардын тазалыгын камсыз кылуу үчүн "Бирдиктүү саламаттык" программасынын алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 1-фаза" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2025-жылдын 19-декабрындагы чыг. № 18-13696) "2025-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (Пандемиялардын алдын алуу, даярдык жана ага каршы чара көрүү трасттык фондунун администратору катары чыгуучу) ортосундагы "Борбордук Азияда пандемиялардын алдын алуу, азык-түлүк тутумдарынын туруктуулугун жана экотутумдардын тазалыгын камсыз кылуу үчүн "Бирдиктүү саламаттык" программасынын алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 1-фаза" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

М.Маматалиев