Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХVI СЕССИЯСЫНЫН
№96 Т О К Т О М У
2026-ж. 27-апрель
Кара-Шаар айылындагы 13 огород боюнча маселесин кароо жөнүндө
----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Кара-Шаар айылындагы 13 огород боюнча маселесин кароодо Улахол айылдык Кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде жана Укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Ж.Орускожоевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шаар айылындагы 13 огород боюнча маселесин кароодо мурдагы берилген жарандардын тизмедегилердин кезегинин жылдырылышына макулдук берилсин.
2. Кара-Шаар айылындагы мурдатан бери ээлик кылып келген 13 огород ээлерине КР
Министрлер кабинетинин 177-жобосуна ылайык жер берүүнү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 96- токтомун
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Бейшеев