Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХVI СЕССИЯСЫНЫН
№99 Т О К Т О М У
2026-ж. 27-апрель
Туура-Суу айылынын 0,30 га жерин балдар аянтчасынын ордун айыл өкмөттүн карамагына алуу жөнүндө
__________________________________________________________________________________
Туура-Суу айылынын 0,30 га жерин балдар аянтчасынын ордун айыл өкмөттүнкарамагына алууга макулдук берүү жөнүндө Улахол айылдык Кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комитетинин төрагасы А.Сансызбаевдин корутундусунун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туура-Суу айылынын 0,30 га жерин балдар аянтчасынын ордун айыл өкмөттүн карамагына алынсын.
2. Иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адисинин милдетин аткаруучу М.Бейшеевге милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги №99-токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Бейшеев