Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын

кезектеги I сессиясынын

 

2024-жылдын 29-ноябрындагы № 6

 

Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №271 Жарлыгын аткаруу максатында өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын түзүү маселени карап жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын I-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

            1.Элдик жана өкүлчүлүктүү курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүү жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамын түзүлсүн.

 

1. Абдухалилов Ж.М- Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин төрагасы,

уюштуруу комиссиясынын төрагасы

2. Алыбаева Б- Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин катчысы

           уюштуруу комиссиясынын катчысы

                                                Мүчөлөрү:

3. Жумабаева К.К.- Ооган-Талаа айылынын депутаты, уюштуруу

           комиссиянын мүчөсү

4. Базаркулова А- Чарбак айылынын депутаты, уюштуруу

комиссиянын мүчөсү,

5. Ташбаева Н.С.- Чарбак айылынын депутаты, уюштуруу

комиссиянын мүчөсү,

6. Мамарасулов А.- Көк-Тонду айылынын депутаты, уюштуруу

           комиссиянын мүчөсү

7. Акимжанов Б.-Кара-Ой айылынын депутаты, уюштуруу комиссиянын

           Мүчөсү,

8. Бегматов Ж.- Кызыл-Суу айылынын депутаты, уюштуруу комиссиянын

           мүчөсү,

 9.       Джанкулова Ш.-Чкалов  айылынын депутаты, уюштуруу

           комиссиянын мүчөсү

10.      Козибаев М.-Арстанбап айылынын депутаты, уюштуруу

       комиссиянын мүчөсү,

11. Маматкалыков А.-Көк-Алма айылынын депутаты, уюштуруу

       комиссиянын мүчөсү,

       2.    Уюштуруу комиссиясына төмөндөгү жумуштарды аткаруу тапшырылсын:

-Айыл аймагында Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча делегаттарды шайлоо жана өткөрүү боюнча жыйындарды даярдоого жана өткөрүүгө катышуу;

-чогулуштарды, жыйындардын протоколдорун түзүү, жыйындын төрагасы жана катчысына кол койдуруу;

-түзүлгөн протоколду жергиликтүү Кеңешке тапшыруу;

 

       3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

Ж.М.Абдухалилов