Загрузка документа…
Долбоор
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 3-июнундагы № 399-т тескемесине)
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Беларусь Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы Социалдык-эмгек чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө
макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Беларусь Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги,
Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого көмөктөшүүгө умтулуп,
Тараптардын ортосундагы кызматташуу Тараптардын мамлекеттеринде социалдык-эмгек чөйрөсүн өнүктүрүү максатында тажрыйба алмашууга багытталгандыгын таанып,
өз ыйгарым укуктарынын чегинде аракеттенип, эл аралык милдеттенмелерди жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын сактоо менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча тажрыйба жана маалымат алмашуу аркылуу социалдык-эмгек чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрөт:
- социалдык-эмгек чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу;
- эмгекти коргоо жана эмгек шарттары, эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;
- калктын аялуу категорияларына социалдык жардам жана колдоо көрсөтүү;
- улгайган адамдарды, майыптыгы бар адамдарды жана турмуштук оор кырдаалда турган башка жарандарды социалдык тейлөөнү уюштуруу;
- социалдык кызматтарды көрсөтүүдө административдик процесстерди санариптештирүү;
- өзүн-өзү тейлөө (кыймыл-аракет, өз жүрүм-турумун көзөмөлдөө) жөндөмдүүлүгүндө олуттуу чектөөлөрү бар же аларды жоготкон адамдарды багууну уюштуруу, мындай адамдарды өз алдынча баккан үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
- социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк;
- инновациялык ишти мыйзамдык жөнгө салуу жана калкты социалдык коргоо системасын санариптештирүү;
- социалдык реабилитациялоонун техникалык каражаттарын өндүрүү жана жарандарды камсыз кылуу;
- майыптыгы бар адамдардын жана улгайган адамдардын укуктарын коргоо маселелериндеги жаңылануулар;
- майыптыгы бар адамдарга, анын ичинде майыптыгы бар балдарга, улгайган адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү мекемелердин, борборлордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын аныктоо методикасы;
- жаңсоо тили боюнча котормочулардын (сурдокотормочулардын) кызматтарын көрсөтүү жана пайдалануу.
2-берене
Тараптардын ортосундагы кызматташуу төмөнкү формаларда ишке ашырылат:
- кызматташуунун багыттары боюнча ченемдик документтер, маалыматтык-маалымдама жана аналитикалык материалдар менен алмашуу;
- өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди талкуулоо үчүн, анын ичинде видеоконференциялык байланыш режиминде биргелешкен жолугушууларды жана консультацияларды уюштуруу жана өткөрүү;
- Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында өткөрүлүүчү жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди талкуулоого арналган конференцияларга, семинарларга, тегерек столдорго жана башка иш-чараларга Тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусу;
- Тараптар макулдашкан кызматташуунун башка формалары.
3-берене
Ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды каржылоону Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптар өз алдынча жүзөгө ашырат.
4-берене
Ушул Макулдашууну колдонууда жана чечмелөөдө келип чыгуучу Тараптардын ортосундагы талаш маселелер консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
5-берене
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар тиешелүү протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн каралган тартипте күчүнө кирет.
6-берене
Ушул Макулдашуунун алкагында маалымат алмашуу орус тилинде жүргүзүлөт.
7-берене
Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 2008-жылдын 11-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Беларусь Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы Социалдык-эмгек чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө макулдашуу өзүнүн колдонулушун токтотот.
8-берене
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою колдонулат. Эгерде Тараптардын бири да кезектеги мезгил аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка билдирбесе, анын колдонулушу кийинки беш жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
__________ шаарында 2026-жылдын « » ________ эки түп нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үчүн
__________________________ |
| Беларусь Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги үчүн
__________________________ |