Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.
2. Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин туризм чөйрөсүндөгү тийиштүү функцияларынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Мамлекеттик агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Мамлекеттик агенттик туризм чөйрөсүндөгү маселелер боюнча өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактардын бирикмелери жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө координациялайт жана жүзөгө ашырат.
5. Мамлекеттик агенттик оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө ээ, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн атайын эсептерге топтолуучу каражаттардын, гранттардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.
Мамлекеттик агенттиктин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, ошондой эле штампы, мамлекеттик жана расмий тилдерде белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибутикасы бар.
Мамлекеттик агенттик өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерге кирет, жарандык-укуктук мамилелерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында, өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамиленин тарабы болуп чыгууга укуктуу.
6. Мамлекеттик агенттиктин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик";
- расмий тилде: "Государственное агентство по развитию туризма при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
7. Мамлекеттик агенттиктин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, А.Токтоналиев көчөсү, 96.
2-глава. Максаттары
8. Мамлекеттик агенттиктин ишинин максаттары болуп туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле туризм чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу болуп саналат.
3-глава. Милдеттери
9. Мамлекеттик агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик жана региондук деңгээлдерде туризм чөйрөсүндөгү саясатты координациялоону камсыз кылуучу механизмди түзүү, мамлекеттик бюджетти толтуруу, ошондой эле туристтик, экскурсиялык, мейманканалык жана туризмди коштоочу кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү үчүн олуттуу экспорттук мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон туризмдин экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыргызстандын экономикасынын жогорку кирешелүү тармагына өзгөртүп түзүү максатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
2) туризмди өнүктүрүүнүн ченемдик укуктук базасын жана мамлекеттик программаларын өркүндөтүү;
3) туристтик ишти мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү;
4) туризм чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын бирикмелеринин жана башка уюмдардын ишин координациялоону камсыз кылуу;
5) туризмди туруктуу өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу;
6) өлкөнүн оң имиджин калыптандыруу, улуттук туристтик продуктуну ички жана эл аралык рыноктордо илгерилетүү;
7) туристтик тармактын абалын жана өнүгүү тенденцияларын мониторингдөө, талдоо жана болжолдоо;
8) туризм чөйрөсүндө эл аралык кызматташууну өнүктүрүү;
9) мамлекеттик маалыматтык системаларды, санариптик платформаларды иштеп чыгуу, ошондой эле ведомстволор аралык маалыматтар базаларына интеграциялоо жолу менен туризм чөйрөсүндө санариптик жана инновациялык чечимдерди өнүктүрүү.