Загрузка документа…
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМУ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
XVI-сессиясынын
2026-жылдын 16-марты №10
Түп айыл аймагына таандык объктилерге аталыштарды жана
жаңы аталыштарды берүү жөнүндө Жобону бекитүү
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” №67 Мыйзамынын 7-пунктун жетекчиликке алып жана 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” № 37-Мыйзамынын 19-беренесинин негизинде Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 2026-жылдын 26-февралындагы ХVI –cессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагындагы муниципалдык обьектилерге, проспекттерге, аллеяларга, аянттарга, айылдык (шаардык) парктарга, бульварларга, көчөлөргө жана туюк көчөлөргө аталыштар берүүнү жана жаңыча аталыштар берүүнүнүн тартиби боюнча Жобо бекитилсин.
2. Токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү
жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Төрага А.Б.Абдымамбетов
БЕКИТИЛДИ:
Түп айылдык кеңешинин
16.03.2026-ж. №10-токтому
Түп айыл аймагындагы муниципалдык менчик объекттерине
ат коюу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасы мыйзамдарына, анын ичинде Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзам ылайык иштелип чыгат.
1.2. Жобо муниципалдык менчиктеги объекттерге (көчөлөргө, парктарга, аянттарга, имараттарга, билим берүү жана маданият мекемелерине ж.б.) ат коюунун тартибин аныктайт.
1.3. Жобонун максаты – тарыхый, маданий мурастарды сактоо, жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын эске алуу жана ат коюуда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу.
2. Ат коюунун негизги принциптери
2.1. Тарыхый адилеттүүлүк жана тактык.
2.2. Коомдук пикирди эске алуу.
2.3. Саясий бейтараптуулук.
2.4. Кайталоолорго жол бербөө (бир аймакта бирдей аталыш болбоого тийиш).
2.5. Улуттук баалуулуктарды жана мамлекеттик тилдин талаптарын сактоо.
3. Ат коюунун негиздери
3.1. Тарыхта, илимде, маданиятта, спортто жана коомдук турмушта өзгөчө эмгек сиңирген инсандардын ысымдары.
3.2. Тарыхый окуялар же даталар.
3.3. Географиялык, жаратылыш өзгөчөлүктөрү.
3.4. Жергиликтүү коомчулуктун сунуштары.
4. Сунуш киргизүү тартиби
4.1. Ат коюу боюнча сунуштарды төмөнкү субъекттер киргизе алат:
· жергиликтүү кеңештин депутаттары;
· жарандар (кол топтоо аркылуу);
· мекеме-уюмдар.
4.2. Сунуш кат жүзүндө негиздемеси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берилет.
4.3. Сунушта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
· объекттин так аталышы жана жайгашкан жери;
· сунушталган аталыш;
· негиздеме (сунушталып жаткан инсандын өмүр баяны жана иши жөнүндө ырасталган маалыматтар; архив материалдары (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн), ошондой эле коомдук изилдөөлөрдүн, сурамжылоолордун жыйынтыктары, зарыл болгон долбоордук (эскиз стадиясында: эстеликтин, обелисктердин ж.б. долбоорлору) документтер;
· демилгечинин маалыматтары.
5. Карап чыгуу тартиби
5.1. Сунуш тиешелүү комиссия тарабынан алдын ала каралат.
5.2. Зарыл болгон учурда коомдук угуу өткөрүлөт.
5.3. Комиссиянын корутундусу жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизилет.
5.4. Акыркы чечим жергиликтүү кеңештин токтому менен кабыл алынат.
6. Ат коюууну каржылоо тартиби
6.1. Ат коюуга жана атын өзгөртүүгө байланышкан чыгымдардан тышкары, элесин түбөлүккө калтыруу менен байланышкан иштердин бардык түрлөрү өтүнүч кат берген жана кызыкдар уюмдардын, адамдардын же демөөрчүлөрдөн эсебинен жүргүзүлөт.
7. Аталышты өзгөртүү
7.1. Муниципалдык объекттин аталышын өзгөртүү өзгөчө учурларда гана жол берилет.
7.2. Мурда башка ишмерлердин ысымын алып жүргөн объекттерге көрүнүктүү ишмерлердин ысымын берүүгө (кайра атоого) жол берилбейт.
7.3. Аталышты өзгөртүүдө ушул Жобонун талаптары толук сакталат.
8. Жоопкерчилик
8.1. Бул Жобонун талаптарын бузган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Төрага А.Б.Абдымамбетов