Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-январы № 4
“Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
“Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга түзүлгөн бюджетин бекитүү үчүн Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга сунушталган бюджети бекитилсин;
2. “Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасынын таза суунун тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
А) 1м3 таза суунун баасы 18,33 сом
Б) 1 адамга көчөдөн пайдалануу 22 сом
В) 1 адамга коргондон пайдалануу 38 сом
3. Ушул токтомдун аткарылышын ишке ашырууну “Көк-Талаа таза-суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси К. Кааровго жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юлдашов |