Загрузка документа…
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМУ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
ХVII–cессиясынын
2026-жылдын 18-апрели №25
Түп айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу
боюнча Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде Түп айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын 2026-жылдын 16-мартындагы ХVII -сессиясы токтом кылат:
менен бекитилген Түп айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- ар бир дааталуу күндөргө жана майрамдык иш чараларга экиден «Ардактуу атуул» жана «Эмгек каарманы» наамдары берилсин;
- жаӊы курулган имараттардын ачылыштарына арналган иш чараларга келген сунуштардын негизинде бирден «Ардактуу атуул» жана «Эмгек каарманы» наамы берилсин.
“Ардактуу атуулу” жана «Эмгек каарманы» наамдарын ыйгаруу боюнча Жобонун” жаңы редакциясы кабыл алынсын.
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага А.Б.Абдымамбетов
БЕКИТИЛДИ: Түп айылдык кеңешинин 18.04.2026-жыл №25-токтому
|
Түп айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” жана “Эмгек каарманы” наамдарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы түшүндүрмө
1.1 Бул Жобо Түп айыл аймагынын“Ардактуу атуулу” жана “Эмгек каарманы”наамдарын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 Түп айыл аймагынын“Ардактуу атуулу” жана “Эмгек каарманы”наамдарын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу органдары – айыл өкмөтү, айылдык кеңеш, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, Түп айыл аймагында жайгашкан мекеме, ишканалардын эмгек жамааты, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.3 Түп айыл аймагынын“Ардактуу атуулу” жана “Эмгек каарманы”наамдарын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштар Түп айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, өзүнүн сунушу менен Түп айылдык кеңешине жөнөтөт.
1.4 Түп айыл аймагынын“Ардактуу атуулу” жана “Эмгек каарманы”наамдарына талапкерлердин документтери Түп айылдык кеңешинин сессиясында депутаттардын кароосуна койулуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон талапкерлер колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
1.5 Түп айыл аймагынын“Ардактуу атуулу” жана “Эмгек каарманы”наамдарын бир жылда :
· ар бир дааталуу күндөргө жана майрамдык иш чараларга экиден «Ардактуу атуул» менен «Эмгек каарманы» наамдары берилет;
· жаӊы курулган имараттардын ачылыштарына арналган иш чараларга келген сунуштардын негизинде бирден «Ардактуу атуул» менен «Эмгек каарманы» наамы берилет.
II. Түп айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” жана “Эмгек каарманы” наамдарын ыйгаруу үчүн негизги талаптар
2.1 Түп айыл аймагынынсоциалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, айылдын (шаардын) ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2 Түп айыл аймагынынөсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына;
2.3 Түп айыл аймагына инвестицияларды алып келип, чоң курулуштарды курган бизнес адамдарына жана чет элдик адамдарга ыйгарылат.
III. Түп айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” жана “Эмгек каарманы” наамдарын ыйгаруунун тартиби
3.1 Түп айыл аймагынын“Ардактуу атуулу” жана “Эмгек каарманы”төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.2 Түп айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” жана “Эмгек каарманы”наамдарын жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө, Түп айылдык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3.3 Түп айыл аймагынын“Ардактуу атуулу” жана “Эмгек каарманы”наамдарын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуулу” жана “Эмгек каарманы”наамдарына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо:
· талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйындын протоколунун чечими;
· чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
· коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
· өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
· мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б);