Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-январы № 1
Кара-Жыгач айылындагы “Гүлү- Кара-Жыгач балдар” бакчасынын актовый залынын курулушуна айыл өкмөтүнүн өздүк салымын бөлүү жөнүндө
Кара-Жыгач айылындагы “Гүлү-Кара-Жыгач балдар” бакчасынын актовый залынын курулушуна өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү максатында, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айылындагы “Гүлү-Кара-Жыгач балдар” бакчасынын актовый залынын курулушуна айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен 110 000 (жүз он миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Каражатты бөлүү жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу Майдан айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Каныбекке жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юлдашов |