Загрузка документа…
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМУ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
ХIX–cессиясынын
2026-жылдын 16-майы №29
Түп айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын
Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 21-беренисинин негизинде Түп айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын 2026-жылдын 30-апрелиндеги ХIX -сессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
У.И.Бозгуновго, көзөмөл кылуу жагы Түп айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк жана депутаттык мандат, жергиликтүү өзүн өзү башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча (административдик) туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага А.Б.Абдымамбетов
БЕКИТИЛДИ Түп айыл аймагынын
айылдык кеңешинин
16.05. 2026-жыл
№29-токтому
Биз, Түп айыл аймагынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, айыл аймагыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
1.1. Түп айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы — жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин токтому менен бекитилген, жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун, мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишин жөнгө салган негизги документ.
1.2. Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жамааттын ички жашоосунун негизги принциптерин, мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелерин, анын ичинде бюджеттик процесске катышуусун аныктайт.
1.3. Устав Түп айыл аймагында бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү.
Жергиликтүү жамаат - айыл аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары.
Жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү жамааттын жашоосуна тиешелүү маселелер.
Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар - мамлекеттик органдардан жергиликтүү өз алдынча башкарууга берилген айрым ыйгарым укуктар.
Демилгелүү топтор — жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн ыктыярдуу бирикмелер (элдик демилге, көйгөйдү чечүү, чогулуш/жыйындарды өткөрүү топтору).
Муниципалдык менчик — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менчиги жана киреше булагы.
Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгеси — жергиликтүү актыларды сунуштоо, ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу.