Загрузка документа…
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМУ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
ХIX–cессиясынын
2026-жылдын 16-майы №30
Түп айылынын Осмонов №93 дарегиндеги жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде Түп айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын 2026-жылдын 30-апрелиндеги ХIX -сессиясы токтом кылат:
1. Түп айылынын Осмонов көчөсүнүн №93 дарегиндеги 400 кв.м жер
тилкесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Түп райондук филиалына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Түп айыл өкмөтүнүн башчысы
У.И.Бозгуновго, көзөмөл кылуу жагы Түп айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага А.Б.Абдымамбетов