Загрузка документа…
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМУ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
ХIX–cессиясынын
2026-жылдын 18-майы №32
Түп айыл аймагынын мал өрттөөчү жайынын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча Жобосун жана мал өрттөө бааларынын прейскурантын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2.11.-пунктунун негизинде Түп айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын 2026-жылдын 30-апрелиндеги ХIX-сессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагынын мал өрттөөчү жайынын (крематорий) кызмат
көрсөтүүлөрүнүн тартибинин Жобосу 1-тирекемеге ылайык бекитилсин.
2. Түп айыл аймагынын крематорийинде өлгөн малдын сөөгүн өрттөө
бааларынын прейскуранты 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
У.И.Бозгуновго, көзөмөл кылуу жагы Түп айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага А.Б.Абдымамбетов
БЕКИТИЛДИ
Түп айылдык кеңешинин
18.05.2026-ж. №32-токтомуна
1-тиркеме
Мал өрттөөчү жайдын (крематорий) кызмат көрсөтүүлөрү жүнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Түп айыл аймагында мал өрттөөчү (крематорий) кызматын уюштуруунун тартибин жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү белгилөө максатында иштелип чыкты.
1.2. Жобо Кыргыз Республикасынын ветеринардык жана санитардык-эпизоотиялык талаптарына ылайык түзүлдү.
1.3. Мал өрттөөчү (крематорий) кызматы малдын өлүгүн санитардык талаптарга ылайык жок кылуу, жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында уюштурулат.
1.4. Мал өрттөөчү (крематорий) кызматы Түп айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан уюштурулат жана тиешелүү кызматкерлер тарабынан жүргүзүлөт.
2. Кызмат көрсөтүүнүн тартиби
2.1. Малдын өлүгү чыккан учурда жарандар же чарба ээлери айыл өкмөтүнө же ветеринардык кызматка өз убагында маалымдоого милдеттүү.
2.2. Мал өрттөө иштери ветеринардык кызматтын көрсөтмөсүнө ылайык жүргүзүлөт.
2.3. Мал өрттөөчү (крематорий) кызматын пайдаланууда коопсуздук жана санитардык талаптар сөзсүз сакталууга тийиш.
2.4. Жугуштуу оорулар аныкталган учурда мал өрттөө иштери биринчи кезекте жүргүзүлөт.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери
3.1. Мал өрттөөчү (крематорий) кызмат көрсөтүүлөрүнө төмөнкү тарифтер колдонулат:
· Түп, Шаты жана Бирлик айылдарынын тургундары үчүн (1 кой/эчки, бодо мал) — бекер
· Башка айыл аймактардан келгендер үчүн: 1 кой/эчки — 200 (эки жүз) сом 1 бодо мал — 500 (беш жүз) сом
· Жугуштуу оорулар чыккан учурда: 1 бодо мал — 1000 (бир миң) сом 1 кой/эчки — 500 (беш жүз) сом
· 1 ит/мышык/чочко- 100 (жүз) сом
3.2. Жугуштуу оорулар чыккан учурда тариф ветеринардык кызматтын көрсөтмөсүнө ылайык колдонулат.
4. Төлөмдөрдү кабыл алуу тартиби
4.1. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр белгиленген тарифтерге ылайык кабыл алынат.
4.2. Төлөмдөр айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Таза Түп” муниципалдык ишканасынын атайын эсептерине же касса аркылуу жүргүзүлөт.
4.3. Төлөмдөрдү кабыл алуу учурунда тиешелүү квитанция берилүүгө тийиш.
5. Жоопкерчилик
5.1. Малдын өлүгүн өз убагында жок кылбаган жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
5.2. Кызмат көрсөтүүдө санитардык жана коопсуздук талаптарын бузган кызматкерлер белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
6. Жобону бекитүү жана күчүнө киргизүү
6.1. Бул Жобо Түп айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.2. Жобонун аткарылышын көзөмөлдөө Түп айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт.
БЕКИТИЛДИ
Түп айылдык кеңешинин