Загрузка документа…
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМУ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
ХIX–cессиясынын
2026-жылдын 22-майы №33
Түп айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылдын 1-январына бош калган акча каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлу “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” № 241 Мыйзамынын 17-беренисинин 1-пунктуна таянып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2.2.-пунктунун негизинде Түп айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын 2026-жылдын 30-апрелиндеги ХIX -сессиясы токтом кылат:
1) “Каркыра” райондук газетасынын карызын төлөп берүүгө - 30 000 сом;
2) Түп айыл аймагынын участкалык милиция кызматкерлеринин күйүүчү май (ГСМ) менен камсыздоого – 50 000 сом;
3) Түп айылынын жабык кичи футбол аянтчасын курчоого – 500 000 сом;
4) Түп айыл аймагынын видео көзөмөл жабдууларынын жана байланыш кызматтык (интернет) акыларын төлөп берүүгө - 78 500 сом;
5) Ооган согушунун ардагери Акматов Бекбо Шамыратович Баткен облусуна 2 күндүк иш сапарга барган карызына – 10 000 сом;
6) Р.Сабатаров көчөсүн жарыктандыруу максатында күн батареяларын сатып алууга - 800 000 сом;
7) Түп айыл аймагында 2026-жыл ичинде майрамдық иш чараларды өткөрүүгө – 556 768 сом;
8) Бирлик айылынын ичүүчү таза суусун учурдагы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө – 700 000 сом;
9) Элебаев көчөсүнө (автокассанын маңдайына) коомдук ажааткана курууга - 2 000 000 сом;
Баардыгы: 4 725 268 (төрт миллион жети жүз жыйырма беш мин эки жүз алтымыш сегиз) сом.
аймагынын 2026-жылдын 1-январына бош калган акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө”№4 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
У.И.Бозгуновго, көзөмөл кылуу жагы Түп айылдык кеңешинин бюджет, экономика, ишкердик, тышкы экономикалык байланыш, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага А.Б.Абдымамбетов