Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 7
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 15-январындагы чыгыш №08-2/105 сандуу каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 15-январындагы чыгыш №08-2/105 сандуу катына ылайык, ошондой эле айылдык кеңештин алдында түзүлгөн Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
1. Майдан айыл аймагындагы төмөнкү жалпы билим берүү уюмдарына көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин ысымдары ыйгарылсын.
2. Төмөнкүдөй аталыштар бекитилсин:
a. Арпа-Сай жалпы билим берүү мектебине — Баялы Исакеевдин ысымы;
b. №53 Мирзо Улугбек атындагы жалпы билим берүү мектебине — Касымалы Баялиновдун ысымы;
c. Сары-Алтын жалпы билим берүү мектебине — Эгемберди Эрматовдун ысымы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин алдында түзүлгөн Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомду ишке ашыруу жана тиешелүү уюштуруу иштерин жүргүзүү Майдан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | А.Юлдашов |