Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 8
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 15-январындагы чыгыш №08-2/105 сандуу каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 15-январындагы чыгыш №08-2/105 сандуу катына жооп катары, ошондой эле айылдык кеңештин алдында түзүлгөн мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, №67 “Кыргызстандын 10 жылдыгы” жалпы билим берүү мектебинин, №11 “Исфайрам” жалпы билим берүү мектебинин жана №81 А. Орозбековдун 120 жылдыгы атындагы жалпы билим берүү мектебинин протоколдорун карап чыгып, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
· №67 “Кыргызстандын 10 жылдыгы” жалпы билим берүү мектебине Т. Тургуновдун ысымын ыйгаруу жөнүндө;
· №11 “Исфайрам” жалпы билим берүү мектебинин аталышын өзгөртпөө жөнүндө;
· №81 А. Орозбековдун 120 жылдыгы атындагы жалпы билим берүү мектебине Сайдилла Каримовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө.
· Талкуунун жыйынтыгында №67 “Кыргызстандын 10 жылдыгы” жалпы билим берүү мектебинин, №11 “Исфайрам” жалпы билим берүү мектебинин жана №81 А. Орозбековдун 120 жылдыгы атындагы жалпы билим берүү мектептеринин учурдагы аталыштары өзгөртүүсүз калтырылсын.
· Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин алдында түзүлгөн мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |