Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 9
Кара-Жыгач айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Кара-Жыгач айылынын тургундарынын кайрылуусуна жана Агрардык муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айылынын күн батыш тарабындагы жайыт жерден, тактап айтканда Дүйшөнбү короосунун жогору жагынан аламан улак үчүн бөлүнгөн 3,0 га жерге кошумча дагы 3,0 га жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Жалпы бөлүнгөн 6,0 га жер тилкеси муниципалдык менчикке өткөрүлүп, Майдан айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |