Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 7
Кара-Жыгач айылынын тургуну Мурзаев Таланттын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын тургуну Мурзаев Таланттын атында катталган жер аянтынын ичине “Тез-Татым” ашканасын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана башка тиешелүү мыйзамдарга ылайык каралып, жергиликтүү деңгээлде элге кызмат көрсөтүү жана ишкердикти өнүктүрүү максатын көздөп, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу комиссиясынын корутундусуна негиз, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айылынын тургуну Мурзаев Талантка жеке менчик турак-жай үчүн берилген жер аянтынын ичинен “Тез-Татым” ашканасын курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык иш кагаздарын даярдоо жана багытты өзгөртүү боюнча мыйзамдуу жол-жоболорду аткаруу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |