Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 13
Кароол айылынын тургуну Базарбаева Гулнара Касымовнанын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кароол айылынын тургуну Базарбаева Гулнара Касымовнанын кайрылуусуна жана Агрардык муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айылынын тургуну Базарбаева Гулнара Касымовнага берилген №97 токтом кайра башынан катталсын жана аты-жөнү, фамилиясы толук жазылганга макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык мыйзам чегинде тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |