Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 15
Айрыбаз айылынын тургуну Исмонов Адхамжон Зокиржоновичтин кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын тургуну Исмонов Адхамжон Зокиржоновичтинкайрылуусуна жана Агрардык муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылынын тургуну Исмонов Адхамжон Зокиржоновичтин терек тилип пайдаланып жүргөн жеринин мөөнөтүн 5 жылга узартып берүүгө макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык мыйзам чегинде тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |