Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 17
Арпа-Сай айылынын тургуну Асанова Мартаванын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Сай айылынын тургуну Асанова Мартаванын кайрылуусуна жана агрардык муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арпа-Сай айылынын тургуну Асанова Мартавага келишимдин негизинде дарыкана куруу үчүн жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык мыйзам чегинде тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |