Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 20
Айрыбаз айылынын тургуну Рахматжанова Тухтахан Махмуджановичтин кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын тургуну Рахматжанова Тухтахан Махмуджановичтин кайрылуусуна жана агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусуна таянып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылынын тургуну Рахматжанова Тухтахан Махмуджановичтин 1993-жылы сатып алган коммуналдык 100 чарчы метр турак үйүн системалык каттоого алууга макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарын даярдоо тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы өз көзөмөлүнө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |