Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 22
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылына караштуу Чукур участкасынын тургуну Рахманов Файзуланын кайрылуусун карап чыгып, анын атында катталган жер аянтынын багытын соода-сатык (коммерциялык) түрүнө өзгөртүү боюнча өтүнүчүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана башка тиешелүү мыйзамдарына таянып, ошондой эле агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, жергиликтүү деңгээлде элге кызмат көрсөтүүнү жана ишкердикти өнүктүрүү максатында, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
1. Айрыбаз айылына караштуу Чукур участкасынын тургуну Рахманов Файзуланын жеке менчик турак-жай куруу үчүн берилген жер аянтынын багытын элге кызмат көрсөтүү максатында соода-сатык (коммерциялык) түрүнө өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтын мыйзамдуу түрдө расмий документтештирүү үчүн тиешелүү материалдар Архитектура жана шаар куруу бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык иш кагаздарын даярдоо жана жер багытын өзгөртүү боюнча мыйзамдуу жол-жоболорду аткаруу тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |