Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 23
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылына караштуу Какыр участкасынын тургуну Рахманов Галбайдын кайрылуусун карап чыгып, агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
1. Айрыбаз айылына караштуу Какыр участкасынын тургуну Рахманов Галбайга 1992-жылдан бери пайдаланып келген 0,50 га жер аянтындагы турак үйүн жана кароо-сарайын мыйзам чегинде мыйзамдаштырууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзамдаштыруу боюнча мыйзамдуу жол-жоболорду аткаруу тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |