Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 24
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Алтын айылынын тургуну Мааткалыков Асилбектин кайрылуусун карап чыгып, агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
1. Сары-Алтын айылынын тургуну Мааткалыков Асилбеккетурак жай куруу үчүн берилген 490 чарчы метр жердин ичинен 190 чарчы метр жер тилкесинин багытын вулканизация жана СТО (унаа тейлөө борбору) куруу жана 300 чарчы метр жерге соода сатык курганга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтын мыйзамдуу түрдө расмий документтештирүү үчүн тиешелүү материалдар Архитектура жана шаар куруу бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер багытын өзгөртүү боюнча мыйзамдуу жол-жоболорду аткаруу тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |