Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 25
Акимбек Жодошов айылынын тургуну Осмонов Жеңишбек Апсатаровичтин кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Акимбек Жодошов айылынын тургуну Осмонов Жеңишбек Апсатаровичтин кайрылуусун карап чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акимбек Жодошов айылынын тургуну Осмонов Жеңишбек Апсатаровичке турак жай үчүн берилген жалпы 1500 (бир миң беш жүз) чарчы метр жер тилкесинин ичинен 50 (элүү ) чарчы метр жер тилкесине сода сатык курууга макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын жана документтерди даярдап, мыйзам чегинде каттоо иштерин жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |